Атажанов Сабир Садыкжанович. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековАйлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атаджанов
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атаджанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сабир Атажанов 1958-жылы 29-июлда Тажикстандын Ленинабад шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1981-жылы Айыл чарба институтун бүтүргөн. 

Кесиби — илимий агроном. Айыл чарба илиминин кандидаты. 

Эмгек жолу: 

  • 1977 — Кыргыз зоналдык тажрыйба-селекциялык станциясынын тамеки боюнча Бүткүл союздук илимий изилдөөчү институтунда жумушчу; 
  • 1981-1985 — Кенже илимий кызматкер, ага илимий кызматкер, Кыргыз зоналдык тажрыйба-селекциялык станциясынын тамеки боюнча Бүткүл союздук илимий изилдөөчү институтунун агроному; 
  • 1985 – 1987 — Тажрыйба-селекциялык станциясындагы комсомол комитетинин катчысы;
  • 1987 – 1989 — Кыргыз зоналдык тажрыйба-селекциялык станциясынын башкы агроному;
  • 1989 – 1990 — Өзгөн райкомундагы уюштуруучу бөлүмдүн инструктору; 
  • 1990 – 2002 — Башкы агроном, "Тамеки" айыл чарба кооперативинин башчысы;
  • 2002 – 2005 — Ош облустук администрациясынын жетекчисинин орун басары;
  • 2005 – 2009 — Ош облусундагы Өзгөн шаардык башкармалыгынын башчысы;
  • 2010 – 2012 — Жогорку Кеңештин V чакырылышында КСДП фракциясынан депутат; 
  • 2012 — 2016 — Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
  • 1990-1995 жана 2000-2002-жылдары — Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0