БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин күн тартибине ылайык эртең, 28-апрелде өкмөттүн жаңы курамы ант берет.
Ант берүү аземи саат 11:30га белгиленип, ал президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, Балыкчы — Корумду унаа жолунун тендерине байланыштуу чыккан чырдан улам премьер-министрлик кызматты ээлеген Темир Сариев отставкага кетип, өкмөт башчылыкка Сооронбай Жээнбеков шайланган.
Өкмөттүн жаңы курамы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан көрүңүздөр.