Бишкектеги куугун жана жол кырсыгы — видеожетондон алынган кадрлар

Жазылуу
Шейшемби күнү Аламедин-1 кичи районунда Кайгуул милициясынын унаасы Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа менен кагышып кеткен.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Кайгуул милициясы кабылган жол кырсыгы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, шейшемби күнү саат 11:00до Кайгуул милициясынын унаасы Volkswagen Passat унаасы менен жол кырсыгына учураган.

"Милиция кызматкерлери буйрукка баш бербей качкан Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү авто унааны токтотууга аракет кылган", — деп айтылат маалыматта.

Машина айдаган милиция кызматкери эмнеге жол эрежесин бузганын КМБ билдирди
Түшүрүлгөн видеодон рация аркылууу Кайгуул милициясына жол эрежесин бузуп, баш бербей качкан Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү унаа тууралуу маалымат айтылганын угууга болот. Мындан сырткары Кайгуул милиция кызматкерлеринин аталган унааны Салиева көчөсүнөн тарта кууп, Чолпон-Ата көчөсүнө жеткенде алдынан чыга калган Volkswagen Passat менен кагыша кеткени видеого тартылган.

Кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу жана үч милиционер анча оор эмес жараат алып, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылды.

Учурда абалы канааттандырарлык.

Ал эми Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу учурда кармала элек, аны колго түшүрүү боюнча иштер уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0