БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Троллейбустун штангасынын ичиндеги кабель күйгөнүн Бишкек шаарынын вице-мэри, троллейбус башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Геннадий Милицкий Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
Борбор калаадагы Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбустун ичи күйгөн.
Милицкийдин айтымында, жүргүнчүлөр дароо сыртка чыгарылган. Жабыр тарткандар жок. Бул маселени жеринде чечсе деле болмок, бирок, окуя болгон жерге атайын топ жиберилгенин ал кошумчалады.