БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкектин Токтогул менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбустун ичинен өрт чыкканын күбөлөр билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча, жүргүнчүлөр унаадан эвакуацияланган.
Бишкектин вице-мэри, Троллейбус башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Геннадий Милицкий окуянын чоо-жайын жакшы билбей турганын айтып, ушу тапта кырсык болгон жерге бара жатканын билдирди.