Тизмеге өлкө башчылары, ишкерлер менен меценаттар, дүйнөлүк жылдыздар, коомдук ишмерлер, спорт, маданият жана искусство чеберлери кирген.
100 кадыр-барктуу кишинин тизмеси беш категория боюнча тандалды: "алгачкылар" — ар кыл чөйрөдөгү новаторлор, "титандар" — ишкер менен спортчулар, "лидерлер" — өлкө башчылары жана саясатчылар, "артисттер" жана "кумирлер" — маданият жана шоу-бизнес өкүлдөрү.
Ар бир категориядагы алдыңкы үч орунду ээлеген "кадырлуулар" тууралуу Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт тизмегинен көрүңүз.

Эл аралык валюта фондусунун башчысы Кристин Лагард ("лидерлер" категориясы, 1-орун)

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керриге экинчи орун тийген

Германиянын кацлери Ангела Меркель "лидерлердин" үчтүгүн жыйынтыктайт

Россия президенти Владимир Путин 2014-2015-жылдардагыдай эле лидерлер категориясына кирген. Бул курамда АКШ президенти Барак Обама, Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган жана башкалар бар

"Титандар" категориясын Цукербергдердин үй-бүлөсү жетектейт

Курулуш жана инвестиция жаатында иш алып барган 80 жаштагы миллиардер Эли Брод Цукербергдерден кийинки экинчи орунда

"Титандардын" ичине "Голден Стэйт Уорриорз" баскетбол командасынын оюнчусу Стефен Карри да кирген

"Аска" адам Дуэйн Жонсон да ушул тизмеде

"Кумирлер" категориясын Леонардо Ди Каприо жетектейт

Леонардо Ди Каприо менен бирге кадырлуулардын катарын америкалык спортчу Ронда Раузи да толуктайт

Индиялык Саня Мирза — рейтингдеги жалгыз теннисчи

Искусство жаатында дүйнөдөгү эң таасирдүү болуп актриса Приянка Чопра табылган

Андан кийинки орунда япондун авангардист сүрөтчү Яеи Кусама эсептелинет

Америкалык модель жана киноактриса Шарлиз Терон да таасирлүү айым деп аныкталды

Журналдын тизмесинде британиялык ырчы Адель да бар

Новартолордун алдыңкы катарында америкалык композитор Лин Мануэль Миранда турат

Америкалык физик жана астроном Кип Торн да башкы "новатор" болуп саналат