БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Эртең, 21-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Борбор калаада күн 13-15 градуска чейин жылуу болот.
Ал эми Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.