БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар 5-майдан 9-майга чейин беш күн эс ала турганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
"Быйыл 1-май жекшембиге туш келгендиктен, эс алуу күнү 6-майга которулат. Натыйжада кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Адистер Баш мыйзамда 1-май — Эмгек күнү, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү катары белгиленгенин кошумчалашты.