00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Киноблог
Заложники амплуа: почему актеры застревают в одном образе и как этого избежать?
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБде органикалык продукция боюнча бирдиктүү талаптар иштелип чыгууда — өлкөлөр ортосунда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:06
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эсеп палатасы: мэрия чет элдик компанияга 6 млн. сомду негизсиз которгон

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив
Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Которулган сумма алынган товардын наркынан ашып кеткендиги жүргүзүлгөн аудиттин жүрүшүндө аныкталган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясынын киреше саясат башкармалыгы тарабынан Кытайдын "Шуаншинь" ЖЧКсынын эсебине 6 миллион 049,5 миң сом негизсиз которулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2008-жылы кытай компаниясынын лотерея билеттерин жасап берген иши 30 миллион 217 миң сомду түзгөн. 2008-2009-жылы бажы алымдарын жана салыктарды эсепке алуу менен муниципалитет билеттерди алгандыгы үчүн кытай компаниясына 30 миллион 256 миң сом которгон.

Анын ичинен 24 миллион 168 миң сом кытай компаниясынын эсебине которулса, 6 миллион 088,7 миң сом – бажы алымдарына жана салыктарга төлөнгөн. 

Которулган сумма алынган товардын наркынан ашып кеткендиги жүргүзүлгөн аудиттин жүрүшүндө аныкталган. 

Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия көчөмө көчө кыдырып муниципалдык менчикти эсепке алат
Бирок, билеттер "Шуаншинь" компаниясы тарабынан Кыргызстандын чек арасы аркылуу аткезчилик жолу менен алып келинген.

Муниципалитеттин киреше саясаты башкармалыгы менен кытай компаниясынын ортосундагы салыштыруу актысына 2014-жылдын 1-июлунда гана кол коюлган. 2008-жылдан бери тараптар ортосунда кытай компаниясы алдындагы карызды таануу жөнүндө салыштыруу актысы болгон эмес.

Ошентсе да, 2013-жылдын 6-декабрындагы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлбөгөн ишеним каттын негизинде иш алып барган кытай компаниясынын өкүлүнөн келген каттын, ошондой эле салыштыруу-актынын негизинде эле Бишкек шаарынын мэриясы компаниянын эсебине 6 миллион 049,5 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды которуп салган.

Салыштыруу актысына кол коюлган учурдагы салыктарды жана алымдарды эсепке алуу менен которулган сумма, алынган товардын наркынан ашып кеткендиги аныкталды. 

"Мындан сырткары, келишим шарттары боюнча салыктарды жана бажы алымдарын төлөө "Счастливая лотерея" утуш муниципалдык дирекциясынын милдеттерине кирген эмес. Ошентип, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан акча каражатын негизсиз которууга жол берилген",— деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын киреше саясаты башкармалыгы 2014-жылдын октябрында жоюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0