Мароккодо дүйнөдөгү эң оор мелдеш деп саналган кум марафону өттү.
Ливандын Сайда шаарында автомашина жарылып, андан Палестинанын ФАТХ кыймылынын Зорро деген өкүлү курман болду. Япониянын түштүк-батышында 30га жакын жер титиреп, 40тан ашык кишинин өмүрүн алды.
Кыргызстанда хоккей боюнча Азия чакырык кубогу өтсө, Бангкокто тай Жаңы жылын белгилешти.
Эквадордо магнитудасы 7,8ге жеткен жер титиреп, 242 киши каза болду. Ушул жана башка маанилүү делген окуяларды сүрөт түрмөктөн караңыз.

Яна Добровольская "Мисс Россия — 2016" сулуулук конкурсун жеңип алды. Ага баасы бир миллион доллар болгон, бриллиант жана берметтер менен кооздолуп ак алтындан жасалган таажы кийгизишти

Кытайдын Тяньянь шаарындагы туризм жана маданият фестивалы

"Ливерпулдун" оюнчулары "Дортмунддук Боруссиянын" дарбазасына киргизилген акыркы гол учурунда. Алар 1:3 эсебинде утулуп жатып, атаандашын 4:3 эсебинде утуп алды

Бодибилдинг боюнча Ставрополдо өткөн аймактык чемпионаттын көшөгө артындагы көрүнүшү. Даярдык көргөн спортчу

Испаниянын матадору Жулиан Лопес коррида учурунда

Непалда өткөн Синдур Жатра фестивалына катышкан жаран. Аны белгилөө учурунда жүздөгөн жаран Балкумари храмынын айланасында жүрүшкө чыгып, бири-бирине кызгылт сары упа чачышат

Грек-македон чек арасындагы македониянын полициясына көз салган качкын бала. Буга чейин 50дөй качкын Идомени лагерина жакын жерде ызы-чуу чыгарган. Бул жаңжал полициянын кийлигишүүсү менен жолго коюлган

Кумамото префектурасында болгон эки жер титирөөнүн кесепетинен 40тан ашык киши каза болуп, 1,6 миң киши жабыркаган. Катуу жер титирөөдөн кийин дагы 290го жакын майда жер силкинүү катталган

Эквадордогу жер титирөөдөн 242 киши каза болду. Зилзаладан улам көп кабатуу үйлөр, ресторан, мейманканалар талкаланган. Жер титирөөнүн очогуна жакын жайгашкан шаарлардагы имараттардын 80 пайызы ураган

Нидерландынын королу Виллем-Александр менен жубайы Максима Мюнхен шаарына эки күндүк иш сапары менен келди. Алар BMW компаниясынын көргөзмө борборунда болуп, BMW Vision Next 100 машинасынын концепти менен таанышты

Кытайдын ардак кароолунун аскерлери өлкөгө иш сапары менен келген Австралиянын премьер-министрин тосуу учурунда

Мароккодо 31-Кум марафону өттү. Бул мелдеш дүйнөдөгү эң оор турнирлердин катарына кирет. Ага жакшы даярдыктагы гана спортчулар катышып, бир жумада Сахара чөлүнөн 240 чакырым аралыкты басып өтүштү

Япониянын Сендай паркынан качып кеткен шимпанзени кармоо учуру

Ливандын Сайда шаарында автомашина жарылып, андан палестинанын ФАТХ кыймылынын Зорро деген өкүлү курман болду

Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу башталды. Өнөктүк 2016-жылдын 30-июнуна чейин созулат. Бул жазда КР Куралдуу күчтөрүнүн катарын 3 миң аскер толуктайт. Ошондой эле альтернативдик кызмат өтөө үчүн 7 миң аскер келет

Рим папасы Франциск Ватиканда шлем кийип көрүүдө

Бангкоктун тургундары 13-апрелде тай Жаңы жылы — Сонгкранды белгилөө үчүн шаардын көчөлөрүнө чыгышты. Бул майрамдын негизги атрибуту — суу. Сонгкран майрамы дүйнөдөгү суу чачышкан эң масштабдуу иш-чара болуп эсептелет

Кыргызстандын хоккейчилери Азия чакырык турниринин финалында Макаонун командасын утуп алды. Кубанычы койнуна батпаган оюнчулар

Индиялык суфист Урс фестивалы учурунда көзүн чукуп жатат