Япониядагы зилзала кесепетинен жарадар болгондордун саны 1200гө чукулдады

© REUTERS / KYODOЯпониянын түштүк-батышындагы зилзаланын кесепетин жоюу боюнча иш-чаралар. Архив
Япониянын түштүк-батышындагы зилзаланын кесепетин жоюу боюнча иш-чаралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япониянын метеорологиялык кызматынын маалыматына караганда, Кумамото префектурасында жер силкинүү алигиче токтобой, акыркысы 3-4 магнитуда болду.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Япониянын түштүк-батышындагы зилзаладан жабыр тарткандардын саны 1094 адамга жетти. Бул туурасында РИА Новости Киодо агенттигине шилтеме берүү менен маалымдады. 

Кумамото префектурасында эле жердин силкинүүсүнөн 1037 адам жарадар болду.

14-апрель күнү Япониянын түштүк-батыш жагында жайгашкан Кюсю аралында жети баллдык жер титирөө катталып, анын кесепетинен 40ка чукул киши мерт кетип, 400дөй адам ооруканага жаткырылган.

Япондуктардын сабырдуулугу таң калтырды —жер титирөөгө күбө болгон кыргызстандык
Жер титирөөнүн очогу Кумамото шаарында жайгашкан. Зилзаланын кесепетинен ондогон имарат кыйрап, урандылардын астында бир топ адамдар калган. Шаарда 400гө чукул үйлөр толугу менен кыйраган. Аймакта жүргөн жер көчкүлөр автомобиль жана темир жолдорду басып калган.

Япониянын метеорологиялык кызматынын маалыматына караганда, Кумамото префектурасында жер силкинүү алигиче токтобой, акыркысы 3-4 магнитуда болду.

Бир катар аймактарда өрт токтобогондуктан газ жабдуулары жана электр жарыгы өчүрүлгөн.

Эпицентри Кумамото шаарына жакын жайгашкан бул жер титирөө 2011-жылы Япониядагы болгон цунами трагедиясынан кийинки ири кырсык болуп калды. Ал учурда 15 метрлик толкун күү менен келип Фукусима АЭСин талкалап, дүйнө боюнча Чернобылдан кийинки радиациялык кооптуулукту жараткан абал түзүлгөн. Андан каза таап жана өлүү-тирүүсү белгисиз болгон адамдарды саны 20 миңге жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0