"Мисс Россия-2016" конкурсун Тюмендик Яна Добровольская алганын РИА Новости маалымат агенттиги "Коммерсантъ" басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.
Добровольская үч миллион рубль жана автомашинага ээ болду. Андан сырткары "Дүйнө сулуусу" жана "Аалам сулуусу" конкурстарында Россиянын атынан катышат.
Таажыны былтыркы конкурстун жеңүүчүсү София Никитчук тапшырды.

"Мисс Россия-2016" конкурсунун финалына чыккан сулуулар Barvikha Luxury Village концерттик залынын сахнасында

Конкурстун катышуучусу Валерия Шаховцева даярдык үстүндө

Удмуртия республикасынан келген Полина Тенсина

"Мисс Россия-2016" конкурсунун финалына элүү сулуу катышты.

Көз жоосун алган сулуулар

Кымча бел сулуулар бикини кийип да чыгышты

Тюменден келген Яна Добровольская

Биринчи турда 50 катышуучунун 30у тандалып алынды

"Мисс Россия-2016" конкурсунда экинчи вице-мисс болгон Юлия Хорошавина (Киров)

Оренбур облусунун атынан катышкан биринчи вице-мисс Юлиана Королькова

"Мисс Россия-2016" конкурсунун жеңүүчүсү Яна Добровольская

Жеңүүчүгө бриллиант жана бермет таштар менен кооздолуп, ак алтындан жасалган таажы кийгизилди. Анын баасы бир миллион доллар

Яня Добровольская үч миллион рубль жана автомашинага ээ болду. Андан сырткары "Дүйнө сулуусу" жана "Аалам сулуусу" конкурстарында Россиянын атынан катышат.