Кыргызстанда китеп жумалыгы өтөт

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКитеп тандап жаткан кыз. Архив
Китеп тандап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 18-апрелден 23-апрелге чейин болот. Анын максаты кыргызстандыктар арасында китеп окууну жайылтуу болуп саналат.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк китеп окуу күнүнө карата китеп жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

Мечитте баян окуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 9 миң адам катышкан "Ислам — тынчтыктын жарчысы" аттуу китеп окуу сынагы өттү
Маалымат ылайык, иш-чара 18-апрелден 23-апрелге чейин болот. Анын максаты кыргызстандыктар арасында китеп окууну жайылтуу болуп саналат. 

Иш-чаранын алкагында ырчылар концерт коюп, куурчак театрынын өнөрпоздору таланттарын тартуулайт. Мындан сырткары, китеп көргөзмөлөр, көркөм окуу боюнча сынактар болот. 

Иш-чара маалында Касымалы Баялинов атындагы китепканада "Китеп кербени" өтөт.

Ошондой эле китеп жумалыгынын алкагында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган "Жылдын мыкты китеби" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0