БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Эртең борбор калаада күн ачык болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
"13-апрелде борбор калаада күн 15-17 градуска чейин жылыйт", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүп, калган аймактарда күн ачык болот. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт.