Жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү 1-апрелде башталган, ал 30-июнга чейин уланат. Бул жазда Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн катарын 3 миңден ашык жаш аскер толуктайт. Дагы 7 миң аскер альтернативалык кызмат өтөйт.
КР президенти Алмазбек Атамбаев 17-мартта жарандарды аскерге чакыруу боюнча Жарлыкка кол койгон болчу. Ага ылайык, 18 жашка толгон жарандар аскердик милдет өтөөгө чакырылат.

Жаңы тартип, жаңы форма

Мончого түшүү. Аскерде тазалык башкы орунда

Аскерлерге кийим таратуу. Бул форманы алар аскердик кызматы аяктаганга чейин кийишет

Жаңы форманы кийип көрүү

Чулгоо. Калыптанып калган аскердик кийимдин бөлүнгүс бир бөлүгү

"Сенин формаң кандай экен?" — аскерлердин сүйүнүчү

Аскерге чакырылгандарды текшерүү

Аскердик бөлүккө келгендер

Казармага кош келгиле

Казармадагы алгачкы тизилүү

Аскердин керебети дайыма тыкан жана таза болуусу керек

Эр жигит үчүн чыныгы турмуш аскерден башталат.