Бишкектеги мечиттен күрмө уурдады деп шектелген жаран кармалды

Жазылуу
Шектелген киши 10 жолу уурулук кылгандыгын мойнуна алды.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы мечиттердин биринен баасы 3500 сомдук күрмө уурдаган деп шектелген жаран кармалганын Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Намазга бара жаткан үч жаранды артынан коюп качып кеткен айдоочу кармалды
10-апрелде Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз жазып, Жибек-Жолу менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги мечиттен бейтааныш киши күрмөсүн уурдап кетенин билдирген.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургуну кармалды.

Ал аталган мечиттен он жолу ушундай уурулукка барганын мойнуна алган. Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0