Сот департаменти футбол аянтчасын ижарага алуу үчүн тендер жарыялады

Жазылуу
Аталган департаменттин бухгалтери Аида Асаналиева каражат мамлекеттик бюджеттен эмес, атайын эсептен төлөнөрүн билдирди.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жогорку соттун алдындагы Сот департаменти футбол аянтчаларын ижарага алуу үчүн 90 миң сомдук тендер өткөрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, тендер боюнча билдирмелерди кабыл алуу 14-апрелге чейин жүргүзүлөт. 

Видеобайкоо камералары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: "Коопсуз шаар" долбоору дагы жарым жылга созулат
Сот департаментинин бухгалтери Аида Асаналиева Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган каражат мамлекеттик бюджеттен эмес, атайын эсептен төлөнөрүн билдирди. 

"Бул кадам кызматкерлердин ден-соолугун чыңдоого багытталган. Бишкек шаардык жана Чүй облустук сот департаментинин кызматкерлери жумуштан кийин жума сайын футбол ойноп туруусу үчүн аянтчаны ижарага алуу үчүн тендер жарыяладык. Алдын ала эсеп боюнча шаарда аянттар бир саатка 1,5 миң сом акы алат экен. Кызматкерлер аптасына бир жолу, айына төрт жолу ойношот. Ошондуктан жети айга 90 миң сом керектелери эсептелди. Эгерде мындан арзан сунуштар болсо, албетте, колдойбуз", — дейт Асаналиева. 

Ал атайын эсеп сот чечимин аткарбай, айыпка жыгылгандардан түшкөн каражат экенин, мыйзам боюнча ал кызматкерлердин социалдык коргоосуна жумшаларын түшүндүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0