Бишкек — Нарын жолунун айрым жерлери маал-маалы менен жабылат

Жазылуу
Жол кыймылына ремонт иштеринен улам чектөөлөр киргизилет.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун айрым аймагы бир нече күнгө маал-маалы менен жабылып турарын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.

Бишкектин "өлгөн" көчөлөрү. Интерактивдүү картадагы сүрөт
Маалыматка ылайык, жолдун 122-чакырымы (Боом капчыгайы) таш түшүрүүгө байланыштуу жабылат.

Аталган ишкана мындай аракеттер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн көрүлө турганын белгилейт.

Профилактикалык иштер 11-15-апрелге белгиленген.

Бул күндөрү жол саат 9.00дөн 15.00гө чейин Жол кайгуул кызматы тарабынан жабылат. 30-40 унаанын топтолушу менен таш түшүрүү токтотулуп, жол кыймылы калыбына келтирилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0