Пентагон Сириядагы атайын даярдыктагы аскерлердин санын 5 эсеге көбөйтүүнү сунуштады

© flickr.com / The U.S. ArmyАКШ аскери. Архив
АКШ аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пентагон "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлеринен Сириянын Эр-Ракка жана Ирактын Мосул шаарларын бошотуу үчүн атайын даярдалган аскерлердин санын көбөйтүү туурасында демилге көтөрдү.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. АКШнын президентинин администрациясы Барак Обама Сириядагы контингентке дагы кошумча атайын даярдыктагы 250 аскер жөнөтүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирди. Бул туурасында РИА Новости CNN телеканалына шилтеме кылып, маалымат таратты.

Демилгени АКШнын Коргоо министрлиги Сириянын Ракка жана Ирактын Мосул шаарларын "Ислам мамлекети" террордук уюмунан бошотууда жергиликтүү аскердик күчтөрдү коргоо планынын алкагында көтөргөн. Бул туурасында Коргонуу ведомствосунун өкүлү кабарлаган. 

"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери Пальмира шаарынан толугу менен чыгарылды
Пентагон 2015-жылдын аягында Обама Сирияга атайын даярдыктагы 50 аскерди жөнөтүү боюнча буйрукка кол койгондугун жана бул сан улам көбөйө тургандыгын маалымдады. 

Обама АКШнын атайын даярдыктагы аскерлерине алдыдагы кадамдарын "Ислам мамлекетине" каршы күрөшүп жаткан Сириянын жергиликтүү аскер күчтөрү менен биргеликте жасоону тапшырган. Бул туурасында подполковник Мишел Балданса билдирген.

CNN берген маалыматтарга караганда, АКШнын атайын даярдыктагы аскерлери Рака жана Аш-Шаддадинин алдында согушкерлер менен болгон бир нече кармашта мыкты деп таанылган. Телеканал Пентагон Ирак менен Сириядагы "Ислам мамлекетине" каршы кампанияны тездетүүгө аракет кылып жатат деп билдирди. 

Ирактагы чоңдугу боюнча экинчи шаар деп эсептелген Мосул түндүктөгү Найнава провинциясында жайгашкан. Учурда аталган калаа Ирактагы "Ислам мамлекети" террордук уюму жайгашып турган аймак. Өлкөнүн премьер-министри Халид аль-Обейди январь айында шаар үчүн согуш 2016-жылы болорун жана ал тагдыр чечкен окуя болуп каларын айткан жайы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0