Атамбаев Мамдуманын төрагасын кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев жан Россиянын Мамлекеттик Дума төрагасы Сергей Нарышкин
Президент Алмазбек Атамбаев жан Россиянын Мамлекеттик Дума төрагасы Сергей Нарышкин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарышкин өлкө башчысы менен жолугуп жатып Бишкекте өткөн форумга өз баасын берди. Мындан тышкары, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга иш сапар менен келген Россиянын Мамлекеттик Дума төрагасы Сергей Нарышкинди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Атамбаев Россия Кыргызстандын негизги өнөктөшү экенин белгилеп өттү.

"Биз эки өлкөнүн мамилесин бекемдөөчү бул сыяктуу сапарларды колдойбуз. Кыргыз-орус кызматташуусун дагы бир ирет талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычтамын", — деди президент.

Нарышкин өлкө башчысы жана жалпы кыргыз элин Апрель революциясынын күнү менен куттуктап, "Евразиялык экономикалык келечек" аттуу форумдун жыйынтыгы тууралуу айтып берди. 

Мунун менен бирге төрага тарыхчылар менен болгон жолугушууга басым жасады.

"1916-жылы болуп өткөн кайгылуу окуялар тууралуу сүйлөштүк. Ар кыр доордогу кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсү тууралуу баарлаштык. Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле стратегиялык нукта деген пикирге толук кошулам", — деди Нарышкин. 

Жолугушуу маалында эл аралык жана парламенттер аралык деңгээлдеги кыргыз-орус мамилелери талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0