БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жол кыймылын жөнгө салбай кеткен Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын үч кызматкери жумуштан бошотулду. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Эскерте кетсек, 1-апрель күнү Кайгуул милициясы расмий ишке киргенден баштап YouТube каналында видео пайда болуп, анда иштебеген жол чырактарга жана жол кыймылын башкарып жаткан жигитке эч кандай реакция кылбаган Кайгуул милициясы тууралуу айтылган. Кол чатыр кармаган жаран Ахунбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде унааларды башкарып турат. Дал ушул маалда кайгуул машинасы өтөт.
Буга чейин Кайгуул милиция кызматкерлеринин иши боюнча териштирүү жүрүп жатканы айтылган. Анын жыйынтыгы менен Кайгуул милиция башкармалыгынын биринчи ротасынын кичи инспектору жана төртүнчү ротанын эки милиционери иштен кетти.