БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстандын беш жараны Чу дарыясы аркылуу Казакстанга өтүп бараткан жеринен кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын экөөсү өспүрүм болуп, жанында эч кандай документтери жок болгон. Калган үчөөсүнөн мөөнөтү өтүп кеткен эски үлгүдөгү паспорттор алынган.
Керектүү документтер толтурулган соң, аталган жарандар УКМКнын тиешелүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.