00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Утро хорошего дня
Кыргызское кино: покоряя международные фестивали и сердца зрителей
06:04
46 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:59
1 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
2 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
0 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Тема дня
Сертификация навыков без учебы в колледже: как это работает?
18:05
45 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Айыл чарба азыктарынын экспорттун көбөйтүү үчүн кандай иштер аткарылууда?
23:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түркмөнстанда келишимдүү ахалтекин аргымактарын тандашат

© Sputnik / Александр Лыскин / Медиабанкка өтүүАхалтекин аты. Архив
Ахалтекин аты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң келишимдүү ахалтекин аргымактарын 2016-жылдын 23-апрелинде тандашат. Баш байгени алган аттын ээсине премиум-класстагы темир тулпар тапшырылат.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Атактуу ахалтекин аргымактарынын эл аралык сынагы Ашхабад шаарында апрелдин аягында өтөт. Бул туурасында РИА Новости жергиликтүү басылмаларга таянып маалымдады. 

Бул боюнча Түркмөнстан башчысы Гурбангулы Бердымухамедов атайын Жарлык чыгарган. Анда Түркмөн жылкысынын эл аралык Күнүнө карата ахалтекин аргымактарынын сынагын өткөрүү белгиленген. Улуттук бул майрам апрелдин акыркы жекшембисинде белгиленип келет. Мыкты аргымакты белгилүү окумуштуулар, саяпкерлерден турган калыстар тобу аныктайт. Маалыматтарда калыстар тобунун курамына чет жактан келе турган коноктор да киргендиги айтылат.

Түркмөнстандын президентине Ашхабадда алтын жалатылган айкел тургузулду
Эл аралык конкурста төрт тарабына төп келип биринчи орунду алган аргымактын ээси премиум-класстагы темир тулпарлуу болот. 

Былтыркы өткөн сынакта биринчи орунду алган аргымак ээсине Toyota үлгүсүндөгү Land Cruiser Prado жол тандабасы тапшырылган.

Ахалтекин аргымагы — дүйнөдөгү эң байыркы жана эң келишимдүү, кулагынан шам жанып турган мыкты тукумдагы жылкылардын бири. Окумуштуулардын маалыматында, аттар азыркы Түркмөнстандын аймагына мындан беш миң жыл илгери алынып келинген. Ахалтекин бир топ тукумдарга — таскактуу араб, англия аттарына, андан сырткары орус аттарынын тукумун жакшыртууга таасирин тийгизген деп айтылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0