БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 13 жылкы Чоң-Бет чегиндеги тоодон учуп өлгөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча өлгөн жылкылардын болжолдуу баасы 780 000 сомду түзөт.
Ошондой эле, Ылай-Талаа айылында жамгырдын кесепетинен арыктардан суу ашып, болжол менен 26 турак жайдын короолоруна кирген.
Жаратылыш кырсыгынан кишилер жабыркаган эмес. Жарандык коргоо комиссиясы жеринде тактоо иштерин улантууда.