БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ош аэропортуна Армениядан алып келинген АН-12 учагына 12 пайыздык салык чегербей койгон Салык кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, учак бажыдан алып келингенден кийин камералык текшерүү жүргүзүлбөгөнү аныкталган. Мындан улам мамлекетке 1 миллион 360 миң сом зыян келтирилген.
Бул боюнча транспорттук прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 212-беренесинин (Жеке ишкердин салык төлөөдөн баш тартуусу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.