БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Баткенде "Токбай-Курулуш" ишканасынын ири суммадагы салыктан баш тарткан фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун Финансы полициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган компания мамлекеттик казынага 6 миллион 176 миң 48 сом салык төлөбөй койгон.
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 213-беренесинин негизинде (Чарба жүргүзүүчү субъектилердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү) кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.