Кыргызстандын паспорту болсо таңкасың, болбосо... же Россиядагы КР паспортунун кадыры

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору жана акча. Архив
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстандын паспортун өзбек, тажик жарандарына жасап беребиз" деген билдирүү социалдык тармакта кызыл-чеке талашты жаратты.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. "Москва жана Санкт-Петербург шаарында расмий түрдө ишке кирүү үчүн өзбек жана тажик жарандарына Кыргызстандын паспортун жасап беребиз. Бул паспортту алгандан кийин патент талап кылынбайт" деген билдирүү социалдык тармакта кызуу талкууга жем таштады.

Бул билдирүү "Одноклассники" сайтына 30-мартта жарыяланып, кайсы телефонго кайрылуу керектиги да жазылган. 

© Sputnik / Расул Усеналиев"Одноклассники" сайтынын бетинен тартылган сүрөт.
Снимок с социальной сети Одноклассники поста пользователя, который якобы изготавливают паспорта для продажи мигрантам из Узбекистана и Таджикистана - Sputnik Кыргызстан
"Одноклассники" сайтынын бетинен тартылган сүрөт.

Көрсөтүлгөн номер боюнча чалып кайрылганыбызда маектеш буга чейин өзбек жана кыргыз жарандары үчүн паспорт жасап келишкенин, учурда Кыргызстан менен байланыш жок болгондуктан жасабай калганын билдирди. Ал эми Тажикстандын жарандарына паспорт эмес, каттоодон өткөрүп, патент жасап беришерин айтты.

Имиштер болгону менен факты жок экен

КР ИИМдин Москвадагы расмий өкүлү Аскат Алиев Кыргызстандын паспортун (ID-карт) жасап кармалган жарандар жок экенин айтат.

"Азыр Москва шаарында КРдин паспортун жасаган атайын топ бар деген маалымат бар. Алардын алдын алуу үчүн бул жактагы кесиптештер менен биргеликте иштер жасалып жатат", — дейт ал.

Кыргызстандын жаранынын паспорту жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР паспортун мыйзамсыз алып, бизнес кылган чет элдик жаран камакка алынды
Алиев ошондой эле социалдык тармактагы бул билдирүү чагым болушу да мүмкүндүгүн айтат. 

"Паспорт жасагандар антип ачык иштешпейт. Айрым жарандар Кыргызстандын паспортун картондон жасашат экен. Анын жасалма экени кармаганда дароо эле билинет. Жакында ушундай бир паспорт көрдүм. Бул документ менен мамлекеттик чек арадан өтүп, же жумушка орношуу мүмкүн эмес. Анын жасалма экенин билүү оңой", — дейт Алиев. 

Россиядан депортацияланган өзбекстандык үч айдан кийин Кыргызстандын паспорту менен келип…

Ал эми учурда Москва шаарында иштеп жаткан Жанышбек Төрөгелдиев Россиядан 2015-жылы жазында депортацияланган Өзбекстандын жараны күзүндө кайта Кыргызстандын паспорту менен келип, иштеп жатканын айтат.

"Мен Москвадагы ресторандын биринде Өзбекстандан келген аял менен иштечүмүн. Ал былтыр майда депортацияланган. Бирок, августта эле атын өзгөртүп, Кыргызстандын паспорту менен кайта келди", — дейт ал.

Төрөгелдиев Орто Азиядагы башка мамлекеттин жарандары Кыргызстандын паспортун алып, ишке орношууга умтуларын айтат. Анткени Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү болгондуктан ишке орношууда КР жарандары үчүн бир катар жеңилдиктер каралган.

Кептин баары Кыргызстандагы паспорт берген жайларда

"Москвадагы мигранттарды колдоо борборунун" жетекчиси Чолпон Осмонова Москвадан КРдин паспортун жасоо кыйын экенин айтып, болгон көйгөй Кыргызстандагы паспорт берген жайларда экенин белгилейт.

"Бул жакта туруп эле Кыргызстандан 3 миң долларга паспорт алдырса болору боюнча бизге да сунуштар түшкөн. Кыргызстандын атайын органдары ошол паспорт берген жайлар кандай шартта иштеп жатканын тыкыр көзөмөлгө алса жакшы болот эле. Себеби, түрдүү мыйзамсыз жол менен Кыргызстандын паспортун алган чет элдиктер кылмыш иштерин жасап кармалганда бул жактагы кыргыздарга сөз тийип жатат", — дейт ал.

Миграция кызматы: ушу тапта Россияга кирүүгө 118 миң КР жаранына тыюу салынган
Осмонова жакында эле алардын борборго "Кыргызстандын жарандыгын алдык, бизди каттоого алгыла" деп эки тажик кайрылганын айтат.

"Паспортун карап туулган жери жөнүндө сурасак, эч нерсе айта алган жок. Керек болсо паспорт берилген облус тууралуу да билишпейт экен. Андыктан алардан шек санап, тийиштүү органдарга кайрылсак, паспорт мыйзамдуу түрдө берилгени аныкталды. Адам кантип туулуп-өскөн жери тууралуу эч нерсе билбей калсын? Бул дагы паспорттордун Кыргызстандан мыйзамдуу берилгенинен шек жаратат", — дейт Осмонова.

Өз паспортун башкаларга саткан кыргызстандыктар

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов учурдагы ID-карталардын коргоо системасы моралдык жактан эскиргенин айтат. Андыктан коргоо системасы жогору болгон жаңы паспортторду чыгаруу мезгилдин талабы экенин кошумчалады.

"Биз биометрикалык ID-паспортторго өтүү аракеттерин көрүп жатабыз. Буюрса үч айдан кийин ал чыгарыла баштайт. Бул паспорттордун коргоо системасы жогору болгондуктан аны жасалмалоого мүмкүн эмес", — дейт ал.

Эржигитов Россияда жүргөн кыргызстандыктардын өз паспортторун чет элдиктерге сатып жиберип жатканы көйгөй жаратып келерин айтат.

АКШдагы такси унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШда зуулдата такси айдаган кыргыз кызы — Кайыргүл
"Бизди капа кылганы — Россиядагы Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн паспортун өзбек, тажик жарандарына сатып жатканы болууда. Мындай маалыматтарды ошол жактагы мекендештерден угуп жатабыз. Паспортун чындап эле сатып жиберген жарандарды аныктоо кыйын. КР жарандарынын паспортун сатып алган чет элдиктерди Федаралдык миграция кызматы эле аныктабаса, башкалар оңой менен текшере албайт", — деди ал.

Эржигитов паспортун "жоготуп" жиберген жарандар Кыргызстанга келип, 1000 сомго жаңы паспорт жасатып алып, кайта Россияга кетип жатканын айтты.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандан кийин, Россиядагы кыргызстандык мигранттарга бир топ жеңилдиктер каралган.

Мындан сырткары, БУУга кирген өлкөлөр арасында түзүлгөн дүйнөлүк паспорт рейтингинде Кыргызстандын паспорту таасирдүүлүгү жанынан 63-орунду ээлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0