АКШда зуулдата такси айдаган кыргыз кызы — Кайыргүл

© AFP / TIMOTHY A. CLARYАКШдагы такси унаалары. Архив
АКШдагы такси унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайыргүл Орункулова 32 жашта. Ал эки жылдан бери АКШда жашап, учурда Чикаго шаарында такси айдап иштейт. Кыргыз кыз жумушу менен сыймыктанат. Себеби, маңдай тер, адал эмгеги менен иштеп жатат.

22-март таксисттердин эл аралык күнү катары белгиленип келет. 1907-жылы дал ушул күнү Лондондун көчөлөрүнө биринчи жолу атайын эсептегич коюлган машиналар чыккан. 

Бул күндү утурлай Кайыргүл айым өзүнүн жумушу, АКШдагы мекендештер жана ал жактагы жол эрежелери тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Расул Үсөналиевдин суроолоруна жооп берди. 

— АКШга эмне максат менен, кандай иш кылам деп келдиңиз эле?

Награждение Марата Исаева Владимиром Путиным - Sputnik Кыргызстан
Курьер-мигранттан баатырдыкка чейин. Марат Исаев
— Америкага келгениме эки жыл болуп калды. Башында Калифорния штатына баргам. Бир жылдан кийин Иллинойс штатындагы Чикаго шаарына келдим. Май айында бир жыл болот. Кичинемден эле АКШга барсам, ал жакта окуп, иштесем деп тилечүмүн. Бул тилегимдин орундалышына ата-энем жардам берип, өзүм да аракет кылдым. Жаштын тилегин берет дегендей, тилегим ишке ашты буюрса. Ошондой эле максаттарым —кызымдын келечегине кам көрүү, ата-энеме мен көргөн чет жерлерди көргөзүү.

— Биринчи келгендеги сезимдериңиз тууралуу айтып берсеңиз?

— Бул жактагы адамдардын жылмаюусу, жылуу мамилеси аябай көңүлүңдү көтөрөт. Жашоо шарты эң жакшы, Калифорния штатында кыргыздар аз, көп көрбөйсүң. Кыргыз тамактарын дагы бир жыл аябай сагынып жүрдүм. Башка штатты, башка шаарды көрөйүн деп Чикагого келдим. Бул жакта кыргыздар, кыргыз кафелер көп. Өзүбүздүн тамактарыбызды жеп жыргап калдым.

— Такси айдап баштаганда кыйналган жоксузбу? Бул жумушта иштөөнү ким сунуштады?

— Чикагодогу кыргыздардын 80-90 пайызы таксиде иштейт. Мен дагы такси курсуна окуп экзамен тапшырып, лицензия алып иштеп калдым. Англис тилин билгендиктен кыйналган жокмун. 

© Кайыргүл ОрункуловаЛюди на одной из улиц города Чикаго
Люди на одной из улиц города Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Люди на одной из улиц города Чикаго

Жаңы иштеп баштаганда кардарды салып алып адашкан күндөрүм болду. Кардарлар аны түшүнүү менен кабыл алышты. Тил билгендиктен түшүндүрүп, кечирим сурасаң "эч нерсе эмес" деп өздөрү жардам беришет. Машина оңдогон жайдан эки жылдан бери такси айдап иштеген кыргыз кыз менен таанышып калгам. Ал мага телефондон кантип барарымды айтып турчу. Анан көбүнчө кардардын өзүнөн эле "дареги кандай?", "кантип барам?" деп сурап алчумун. Өздөрү айтып беришчү. Ошентип аракет кылып тез эле көнүп иштеп кеттим. Алгач 1-2 жумадай кыйналдым.

— АКШда эң биринчи жолу такси айдап жумушка чыккан күнүңүз эсиңиздеби? 

— Албетте, эң биринчи айдаган күнүм эсимде. Жай айдап көп айдоочулардын жинине тийип, капысынан чыга калып линия алмаштырганда мени сөккөндөрү дагы болгон. Аларга көңүл бурган жокмун. Мен эң башкысы кардарды айткан дарегине туура алып барууга аракет кылдым. Негизинен аябай кыйналдым деп айта албайм. Аракет кылсаң бардык нерсенин берекети болот эмеспи. 

— Кардарлар аял айдоочуну кандай кабыл алышат?

— Көбү "Такси айдаган айымдарды биринчи көрүшүм. Аял айдоочуга кезиктик, ишибиз жүрүшөт" экен деп сүйүнүп калышат. Азыр такси айдаган кыргыз кыздар көп, биздин кыздар азамат.

— Аял айдоочуларга таң калышса иш учурунда дагы кызыктуу окуяларга туш болсоңуз керек?

Миграция кызматы: КР жарандарынын көбү Түркияда ишке орноштурулган
— Негизинен кызыктуу окуяларга деле туш боло элекмин. Ошентсе да кээ бир окуяларды айтып берейин. Кечинде иштеп көрөйүн деп кечки жумушта иштеп көрдүм. Бул убакта кардарлардын көбүн кафе-барлардан аласың. Кээси түшүп алып даректерин айта албай, жеткизсең "бул жак эмес" дегендери болот. Айрымдары үйүнө жеткенде машинада уктап калып түшпөй коёт. "Полиция чакырам" деп эптеп ойготосуң. Бирок, мас адамдар кошумча акчаны көп беришет. Мен кечкисин аз эле иштедим. Азыр күндүз иштейм.

— Күнүнө канча саат иштейсиз? 

— Күнүнө 12 саат, эртең мененки төрттөн кечки төрткө чейин иштейм. Түнкүсүн ордума кыргыз бала иштейт. Андыктан алмашып иштеш үчүн үйлөрүбүз жакын болгондорду издейбиз. Ал жактагы кыргыздар бир-бирибиз менен Viber аркылуу байланышып турабыз. Машина керек болсо Viber аркылуу жазып таап аласың. Мен айдап жүргөн машина кыргыз баланыкы. Ал 2014-жылы чыккан "Тойота приус". Жаңы машиналарды айдаш өзүнчө эле сонун. Гибрид болгондуктан бензинди аз ичет. Күнүнө айдаганыбызга жараша 7-10 долларга чейин бензин куябыз.

— Сыр болбосо бир айда канча акча табасыз?

— Негизинен тажрыйбаңа, иштегениңе жараша болот. Убагында чыгып иштесең жакшы. Эрте туруш кээде кыйын, чарчайсын. Уктап калып кеч чыксаң ырыскың дагы уктап калат. 

Бирок, мен жанымды кыйнабай эле иштейм. Апам менен сүйлөшкөндө "жаныңды кыйнаба, уктап эс ал", "өз убагында тамактан" деп дайыма мага дем берип турат. Убагында чыгып, жакшы иштедим дегенде бензин, тамак аштан тышкары 150 доллар тапсаң болот. Бирок ар күнү эле мындай боло бербейт. 

© Кайыргүл ОрункуловаАвтомобили на одной из улиц Чикаго
Автомобили на одной из улиц Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Автомобили на одной из улиц Чикаго

Жаңы иштегенде шаардын ичин, кардарды кайсы жерден да алышты билбейсиң. Ошентсе да биринчи күнү 170 доллар тапкам. Алгач иштеген күндөрү жакшы тапканымдын себеби даректи жакшы билбегендиктен улам го деп ойлойм. Кардарды адаштырып, айлантып, узун жол менен алып барып акчасы дагы көп чыкчу окшойт да. Азыр эң кыска, тез жете турган жолдор менен бат эле алып барып коёсуң.

— Кээде кыргыз клиенттер түшүп калганда аларды бекер жеткирген учурларыңыз болобу?

— Чикагодо кыргыздардын баары таксист болсо таксиге деле түшүшпөйт. Анда-санда болуп калат. Албетте, аларды бекер жеткирип коёбуз.

— Ал жакта сизден башка такси айдап иштеген кыргыз кыздар барбы?

— Такси айдап иштеген кыргыз кыздар көп. Андан тышкары кафеде, сулуулук салондо иштешет. Кыргыздардын көбү шаардын түндүк тарабында жашайт. Андыктан кечинде иш аяктагап үйгө келе жатканда жолдон бензин куюп жаткан кыргыз таксист кыздарды көрөсүң. Такси айдаган кыргыз балдар да көп.

— Жол эрежесин бузган учурлар болобу? Ал жакта мыйзам катуу болсо керек?

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигранттардын Кыргызстанга салган акчасы жарым миллиард долларга кыскарды
— Ооба, жол эрежелери аябай күчтүү. Кызыл күйгүчө жетишебиз деп шашып өтүп калабыз. Аны камералар тартып алат. Мындай учурда жол эрежесин бузганың үчүн деп 100 доллардан жогору айып төлөп калабыз. 

Бир жолу автотыгында турганда телефонумду колума ала койсом велосипедчен полиция келип лицензиямды алып, айып жазып кеткен. 200 доллар төлөп кайра алгам. Андан сырткары, уруксат болбогон жерге токтоп киши түшүргөнүңдү полиция көрүп калса айып салат.

Адал эмгеги менен мээнет кылып ата-эне, бир туугандарынан алыс жүргөн мекендештерибиздин тилеги бир. Иштеп үстүбүзгө үй салып, ата-эне, бир туугандарыбызга жардам берип, балалуулар балдарынын келечеги деп жүрүшөт. Аман-эсен элибизге кайтып, жакшы турмушта жашасак деген тилектерибиз ишке ашсын демекмин. Такси айдаган жаш улан-кыздарыбызды Кудайым бөөдө кырсыктан сактап, иштерине ийгилик, ден соолук берсин деп тилейм. 

P.S. 32 жаштагы Кайыргүл Орункулова Талас районунун Көк-Кашат айылында төрөлгөн. Жети бир туугандын алтынчысы. Үч эжеси, эки байкеси жана бир иниси бар. Кайыргүл айымдын кызы апрель айында алты жашка чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0