Индияда жаз майрамы болгон Холи фестивалы жыйынтыкталса, Грециядагы качкындар лагеринде мигрант өзүнө от койду.
Бангкокто Bangkok International Motor Show аттуу Азиядагы эң ири унаа көргөзмөсү ачылса, Сириянын өкмөттүк аскери "Ислам мамлекети" уюмунун карамагында калган Пальмира шаарын бошотуп алды.
АКШ президенти Барак Обама Кубага барды. Ал эми Брюсселде бир нече жардыруу болду.
Рим папасы Франциск 12 качкындын бутун жууп өптү. Алардын катарында беш католик, үч мусулман, үч копт жана бир индус адам болгон.
Бишкекте Нооруз майрамдалып, көк бөрү боюнча турнир өттү. Ал эми кээ бир аймактарда жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланды.

Грециядагы качкындардын Идомени лагеринин жанында аталган өлкө менен Македониянын чек арасынын жабылышына каршы өтүп жаткан нааразылык акциясынын убагында мигрант өзүнө өрт койду.
Борбордук Европага качкындарды өткөрүү үчүн көпүрө болуп келген Македония февралдын соңунан тарта чек арасын жапкан. Мындан улам Грецияда эч жакка чыга албай калган 10 миңдеген качкын калган. Чогуу чыгууга үндөөлөрдөн кийин Идомени лагеринен беш чакырым алыстыкта миңге чукул кишиден турган колонна чек араны кесип өтүүгө аракет кылган. Мындан улам үч киши сууга чөгүп кеткен. Ал эми Скопьенин күч түзүмдөрү качкындарды өткөргөн эмес

Россиянын Свердлов облусунда кадет мектептеринин тарбиялануучулары кадет-чебер наамы үчүн норматив тапшырылууда

Сирия араб армиясынын "Ураган" ракеталык системасы . Өкмөттүк армия "Ислам мамлекети" уюмунун согушкерлеринен Пальмира шаарын толугу менен бошотуп алды. Шаардан чыгып кетүү алдында өкмөттүк аскерлер тургундарды эвакуациялап, борбордук музейден баалуу тарыхый таберик буюмдарды алып чыгып кеткен

Швейцариянын аскер-аба күчтөрүнүн учкучтарынын катышуусу менен Санкт-Мориц курортунда тоо лыжасы боюнча дүйнө чемпионаты аяктады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пхеньянда көмүр менен иштеген ракета кыймылдаткычын сыноодон өткөрүү учурунда

Индиялыктардын жыл сайын өтүүчү Холи фестивалы. Мында биринчи күнү Вишну кудайынын душманы Холикинин кабы өрттөлсө, эртеси жана андан кийинки күнү катышуучулар караңгы киргиче жүрүш жасап, бири-бирине түстүү күкүм менен боёлгон суу жана ылай чачышат.
Сүрөттө: фестиваль учурунда селфи жасап жаткан Мумбаинин тургундары
Сүрөттө: фестиваль учурунда селфи жасап жаткан Мумбаинин тургундары

Канцлер Ангела Меркель Нерфенихте жайгашкан Германиянын аба-аскер күчтөрүнүн базасына барды

Аргентинага жасалган расмий сапарынын учурунда АКШ президенти Барак Обама менен жубайы Мишель танго бийин бийлешти. Америка президентине жалтыраган кыска көйнөк кийген сулуу өнөктөш болду

Италия менен Испаниянын курама командалары Удине шаарындагы жолдоштук беттешүү маалында. Оюн 1:1 эсеби менен аяктады.
Сүрөттө: италиялык команданын чабуулчусу Грациано Пелле менен Испаниянын коргоочусу Жерар Пике
Сүрөттө: италиялык команданын чабуулчусу Грациано Пелле менен Испаниянын коргоочусу Жерар Пике

Иерусалимдеги (Израиль) Пурим майрамын белгилөө.
Аталган майрам Персия кулчулугунун маалында еврей элинин сакталып калышынын урматына негизделген
Аталган майрам Персия кулчулугунун маалында еврей элинин сакталып калышынын урматына негизделген

Сан-Эстебан боордоштугунун мүчөлөрү Андалусиянын борбору Севильеде өтө турган христиан майрамынын алдында.
Аталган майрам Испаниядагы олуттуу окуяларынын бири болуп саналат. Католиктер бул күнү Иисус Христостун жердеги акыркы күндөрүн эскеришет
Аталган майрам Испаниядагы олуттуу окуяларынын бири болуп саналат. Католиктер бул күнү Иисус Христостун жердеги акыркы күндөрүн эскеришет

Эл аралык Bangkok International Motor Show атуу Азиядагы эң ири көргөзмө Бангкокто ачылды. Мында таиланддык өндүрүшчүлөр жаңы моделдер менен бирге келечектин унааларын да тартуулашты

Лондондун табият таануу музейинде "Укмуштуу көпөлөктөр" аттуу көргөзмө ачылды. Экспозициянын өзгөчөлүгү — имаратта жүздөгөн көпөлөк учуп жүрөт. Бул үчүн музейде тропиктик климат өкүм сүрөт

Кубага болгон сапарынын алкагында АКШ президенти маалымат жыйын өткөрүп, анын соңунда аталган өлкөнүн лидерин далыга таптоого аракет кылды. Бирок Рауль Кастро ага жол бербей Обаманын колун кармап, булгалатып койду.

15/20
© Азамат Айтбаев
Кыргызстанда Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Кемин, Майлы-Суу шаарлары менен 22 айыл аймагында жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп өттү. Анда добуш берүү укугуна 271 миң шайлоочу ээ болгон. Шайлоого келгендердин саны 56 пайызды түздү.
Сүрөттө: Каракол шаарындагы №3131 шайлоо участкасында добуш берүү маалы
Сүрөттө: Каракол шаарындагы №3131 шайлоо участкасында добуш берүү маалы

16/20
© Georgian Public Broadcaster/Ketevan Kardava
22-март күнү Брюсселдин аэропортунда эки жардыруу болду. Андан көп өтпөй Мальбек метросунун станциясында жагы бир жардыруу катталды. Терактыдан 31 адам каза болуп, 316сы жарадар болгон. Жардыруунун жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террористтик уюму моюндады

Дүйнөнү бардык аймагында адамдар Бельгиянын өкүлчүлүк имараттарына аза кайгынын белгиси катары гүл коюп, шам жагышты. Тарыхый эстеликтер Бельгиянын желегинин түсүнө боёлду.
Сүрөттө: Римдеги Треви фонтаны
Сүрөттө: Римдеги Треви фонтаны

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамынын учурундагы театрлаштырылган оюн-зоок. Нооруз Кыргызстанда 21-март күнү белгиленип келет. Бул күнү сүмөлөк даярдалып, улуттук оюндар ойнолот

Ноорузга арналган көк бөрү оюнунун финалдык беттешүүсүнүн катышуучулары. Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы менен Оштун "Достук" оюнчуларынын ортосундагы оюн Бишкектеги Ак кула ипподромунда өттү. Башкы таймашта чүйлүктөр күчтүүлүк кылып, финалдык беттешүү 11:5 эсеби менен аяктады

Рим папасы Франциск Италиянын борбор калаасынан алыс эмес жайгашкан Кастельнуово-ди-Порто аймагындагы качкындар лагеринде мигранттардын бутун жууп, өптү. Алардын катарында беш католик, үч мусулман, үч копт жана бир индус адам болгон.
Бул ырым шакирттеринин бутун жууп, боордоштукту билдирген Иисус Христостун убагынан бери келе жатат. Быйыл понтифик биринчи жолу бул ырымды Римде эмес, Кастельнуово-ди-Порто шаарында жасады.
Бул ырым шакирттеринин бутун жууп, боордоштукту билдирген Иисус Христостун убагынан бери келе жатат. Быйыл понтифик биринчи жолу бул ырымды Римде эмес, Кастельнуово-ди-Порто шаарында жасады.