БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Ош шаарына эмне себептен үч миңге чукул милиция кызматкеринин тартылышын түшүндүрдү.
Айрым маалымат каражаттарында милиция кызматкерлери жергиликтүү кеңеш шайлоосундагы коопсуздукту камсыздоо үчүн тартылганын жазып чыгышкан.
ИИМдин тактоосуна ылайык, 22-мартта Ош гарнизонунда өздүк курамдын жайкы формага өтүп жатканына байланыштуу жана жергиликтүү кеңеш шайлоосун даярдоо жана өткөрүүгө арналган инструктаж болуп өткөн.
Муну менен бирге министрлик Ошко ИИМ кызматкерлери барбаганын, иш-чарага Кайгуул-посттук кызмат, ыкчам кызмат жана атайын даярдыктагы полктун аскерлери катышканын белгиледи.
"Инструктаж аяктагандан кийин бардык катышуучулар кызмат өтөө жерлерине кайтышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Шайлоо учурунда Ош облусунун беш шайлоо участкасында жана Ош шаарында милиция кызматкерлери тартипке көзөмөл кылып турары кошумчаланды.