БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Брюсселдин эл аралык аэропортунда дагы бир жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Бул бүгүн түштөн бери борбор калаада болгон бешинчи жардыруу болуп саналат. Буга чейин ушул эле аэропортто эки ирет, андан кийин метронун эки станциясында кош жардыруулар болгон. Кырсык кесепетинен жалпы жонунан 34 адамдын каза болуп, 81 кишинин жарадар болгону айтылган.
Ал эми теракт жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" уюму мойнуна алды.