Башкы штаб: Кызыл-Аскерден табылган танктын снаряды согуштук эмес

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Снаряд саперлор тарабынан "Ала-Тоо" окутуу борборуна жөнөтүлүп, ал жактан жок кылынат.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кызыл-Аскерден табылган танктын снаряды согуштук эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Куралдуу күчтөр башкы штабынын маалымат башкармалыгынын башчысы Азамат Дүйшөнбеков билдирди.

Буга чейин селсаяктар Кызыл-Аскерден танктын снаряддары таап алышкан. Көчө табылган снаряддарды саперлорго өткөрүп берүү үчүн тосулган.

"Бул окутууга багытталган снаряд болушу мүмкүн. Эгер, согуштук болгондо качан эле жарылып кетмек", — дейт Дүйшөнбеков. 

Анын айтымында, снаряддын Кызыл-Аскерде табылышы ар кандай себептер болушу мүмкүн. 

"Бирөөлөр металлга өткөрүүгө алып барып, жарабай калгандыктан таштап салышкандыр. Снаряд элдин жашоосуна коркунуч жараткан эмес", — деп кошумчалайт Дүйшөнбеков.

Снаряд саперлор тарабынан "Ала-Тоо" окутуу борборуна жөнөтүлүп, ал жактан жок кылынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0