БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкектин Кызыл-Аскер районунда снаряд табылып, аталган аймактын Сельсовет көчөсү тосулганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, танктын снаряддарын эки селсаяк таап алган.
"Окуя болгон жерде Ленин РИИБ жана Бишкек ШИИБнин кызматкерлери жүрөт. Көчө снаряддарды УКМКнын саперлоруна өткөрүп берүү үчүн тосулду", — деди Бишкек ШИИБнин маалымат катчысы Олжобай Казабаев.
Окуянын башка чоо-жайы иликтенип жатат.