БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров жана Башкы штабдын жетекчиси Жаныбек Капаров менен жыйын өткөрдү.
Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жолугушуу учурунда өлкө башчы улуттук коопсуздуктун камсыздоо жана мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.
Жыйындын катышуучулары президентке чек араны бекемдөө боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу айтып беришти.