Жайында Россиянын Оренбург шаарынан Тамчыга аба каттамы ачылат

Жазылуу
Чүй облусунун башчысы баштаган делегация Россиянын Оренбург облусуна иш сапары менен болду.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жай айында Россиянын Оренбург шаарынан Тамчыга аба каттамын ачуу боюнча макулдашууга жетишилди. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Учактардын жүк ташуучу бөлүгүндө гаджеттердин аккумуляторун ташууга тыюу салынат
Белгилей кетсек, 10-12-март күндөрү Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов баштаган делегация Россиянын Оренбург облусуна иш сапары менен барган.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы менен аба каттамын ачуу, Чүй облусунун өнөр-жайлуу аймагынан айыл-чарба чиркегичтерин чыгаруу боюнча цех ачуу боюнча макулдашылды. 

Ошондой эле, эки облус ортосунда айыл-чарба продукцияларын жеткирүү маселеси да талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0