БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Боорум аймагынан таш алдында катылып жаткан 16 миллиметрдүү аңчылык эки курал табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Алар мылтык менен чогуу беш даана ок табышкан. Андан сырткары мүшөккө салынган азык-түлүк да болгон.
Тийиштүү документтер толтурулган соң табылган курал-жарак ИИМдин аймактык өкүлчүлүгүнө өткөрүп берилген.