БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Мэрияга караштуу "Бишкекасфальтсервис" ишканасы 11-марттан баштап борбор калаа көчөлөрүнүн аң-чөнөктөрүн оңдой баштаганын муниципалитет билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Рысмендеев көчөсүндө ремонт иштери жүрүп жатат.
"Март айынын аралыгында шаардын Байтик баатыр, Фучик, Москва, Киев, Ден Сяопин көчөлөрү менен Чүй, Манас жана Жибек Жолу проспектилери оңдолот", — деп айтылат билдирүүдө.
"Бишкекасфальтсервис" ишканасы жыл сайын марттан баштап декабрь айына чейин аң-чөнөктөрдү оңдоп келет.