БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү эл аралык издөөгө алынган уюшкан кылмыштуу топтун 28 жаштагы мүчөсү кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Кармалган жаран 2009-жылдан бери Горохов аттуу УКМКнын кызматкеринин өлтүрүлүшүнө тиешеси болгон үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.
Козголгон кылмыш иштин алкагында тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзөт.