Бишкектин мектептери мыкты волейболчуларды аныктады

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВолейбол тобу. Архив
Волейбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңишке жетишкен командалар шаардын курамасына кирип, республикалык спартакиадага катышат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бишкекте өспүрүмдөр арасында волейбол боюнча мектеп спартакиадасынын финалдык бөлүгү аяктаганын шаардык спорт комитети билдирди.

Мелдеш марттын башында №62 мектеп-гимназиянын залында башталган. Бир нече күнгө созулган таймашка 190 окуучу катышты.

Беттешүүнүн алдыңкы орундарын №62 мектептин командалары ээледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0