БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Белоруссиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Латвия, Литва жана Эстонияга элчи болуп дайындалышына макулдук берди.
Комитеттин жыйыны шейшемби күнү өттү.
Резиденция Белоруссиянын борбору Минск шаарында жайгашмакчы.
Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси болуп өткөн жылдын май айында дайындалган.