БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Талас облусунда жер титирөө болгонун ӨКМ билдирди.
Очогунда 3,5 баллга жеткен силкинүү кечээ саат 23.29да катталган.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогу Талас шаарынан түштүк-батышты көздөй 66 чакырым алыстыктагы Чандалаш тоо кыркаларында жайгашкан.
Калк жашаган жерлерде жер титирөө сезилген жок. Алдын ала маалымат боюнча силкинүүдөн жабыркагандар катталган эмес.