БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Аламүдүндө Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасы менен келе жаткан мас абалындагы Светкова аттуу жаран рулду башкара албай Mazda жана Sprinter унааларын сүзүп салганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен машиналардын бактары жарылып, өрт чыккан. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар бактарга кум чачып, унаалардын аккумуляторлорун чечүүгө аргасыз болушкан.
Мындан тышкары, өрт өчүрүүчүлөр келип жолду төгүлгөн бензинден тазалашкан.
ӨКМ кырсыктан жабыр тарткандар болбогонун белгилейт.