БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Борбор калаада бүгүн күн 13 градуска чейин ысый турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Ал эми Нарын облусунан сырткары өлкөнүн бардык аймактарында күн жылуу болот. Нарында бүгүн күндүз алты градуска чейин суук болот.