БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Тоо лыжа базаларынын биринде бүгүн жетинчи туристтик фестиваль өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Бүгүн "Кыргызстан тоо лыжа жана кышкы эс алуу өлкөсү" аталышындагы VII туристтик фестиваль өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Андан түшкөн каражат аутизм менен ооруган балдарга жумшалат.
Мындан сырткары фестиваль аркылуу Кыргызстандагы спорттун кышкы түрлөрүн даңазалоого шарт түзүлөөрү маалыматта белгиленген.
Уюштуруучулардын катарына Туризм департаменти, өкмөттүн алдындагы бизнес менен инвестицияны өнүктүрүү кеңеши жана бир катар мекемелер кирген.
Кыргызстандын тоо-лыжа базалары
Кыргызстандын тоо-лыжа базалары