БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Дем алыш күндөрү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөгөнү менен кээ бир аймактарда 19 градуска чейин суук болот. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Бишкек шаарында 20-февраль күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 0…2° суук, күндүз 11…13° жылуу болушу күтүлүүдө. Ошто түнкүсүн 1…3°, күндүз 12…14° жылуу болот.
Ал эми Нарын облусунда түнкүсүн 14…19°, күндүз 1…6° суук болот.
Өлкө аймагында 20-февраль күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ал эми 21-февраль күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана республиканын тоолуу аймактарында бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.