Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кадрларын толуктоодо

Жазылуу
Документтерди кабыл алуу 4-февралда башталып, 25-февралда аяктайт, аны шаардык кеңеш кабыл алып жатат.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн кадрдык резервин толуктап жаткандыгын шаардык кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамы 2014-жылы 4-мартта бекитилген. 

"БШК жарандарга жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу жөнөткөн. Анда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кадрларын толуктап жана документтерди кабыл алып жатат", — деп билдирүүдө жазылган. 

Документтерди кабыл алуу 4-февралда башталган, ал 25-февралда аяктайт. Талапкерлер тийиштүү кагаздарды — арыз, паспорттун көчүрмөсү, жеке кагазы, резюме жана байланыш телефондорун тапшырышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0