БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатылып, шайлоо күнү дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун өлкө башчынын маалыматы кызматы билдирди.
Ага ылайык, Токмок шаардык кеңеши, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңеши, Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеңеши, Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңеши жана Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңеши таркатылды
Ал эми жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2016-жылдын 27-мартына дайындалды.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.