Сариев: жазгы талаа иштери үчүн өкмөттүн аймактагы өкүлү керт башы менен жооп берет

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев Ош облусунда болгон жүрүшүндө. Архив
Премьер-министр Темир Сариев Ош облусунда болгон жүрүшүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы жергиликтүү бийлик органдарына күнөсканаларды жана мал союучу цехтерди ачууда калкка көмөк көрсөтүп, тамчылатып сугаруу ыкмасын жайылтууну тапшырды.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Жазгы айдап-себүү иштеринин жүрүшүнө өкмөттүн облутардагы өкүлү керт башы менен жооп берет. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Ош шаарында өткөн селектордук көчмө жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2015-жыл жыйынтыгына ылайык, айыл-чарба тармагы боюнча реалдуу өсүү байкалган. Өкмөт башчы буга аба-ырайынын жагымдуу шарты жана дыйкандардын өз убагында урук менен камсыздалышы себеп болгонун белгилейт

"Быйыл Таласта төө буурчак менен катар кант кызылчасы себилет. Кызылчаны темир жол аркылуу Кайыңды кант заводуна жеткирүү үчүн казак тарап менен транспорттук тарифтерди төмөндөтүү боюнча келишим түзүлгөн. Мындан тышкары, өзбек тарап менен жер семирткичтерди ташып келүү жөнүндө макулдашуу бар. Ошондой эле пахта аянттарын кеңейтип, аны кайра иштетүү маселеси чечилиши", — деди премьер-министр. 

Сариев жергиликтүү бийлик органдарына күнөсканаларды жана мал союучу цехтерди ачууда калкка көмөк көрсөтүп, тамчылатып сугаруу ыкмасын жайылтууну тапшырды.

"Күнөскана ачкан фермерлер бул долбоордун кирешелүү экенин айтышууда. Кыш мезгилинде дыйкандар эки ирет түшүм алууга жетишти. Алар эмгегинин акысы кайтып жаткандыгына ыраазы болушууда. "Айыл банк" жана "РСК банк" күнөскана курууну каалагандарга күрөөсүз насыя берүү боюнча маселени иштеп чыгуусу керек", — деп белгиледи премьер-министр.

Мындан тышкары, Сариев өкмөт өкүлдөрүнө тийиштүү план иштеп чыгып, аймактарда жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин баштоону милдеттендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0