БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү атылганын КР ИИМден Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдиришти.
Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн айтымында, белгисиз бирөөлөр жаранга эки жолу ок чыгарган. Ал алган жаракатынан каза болгон.
Тергөөнүн маалыматтарына ылайык, каза болгон жаран Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон. Шектелген жарандарды издөө башталды.
Кошумча маалыматтар такталууда.