Апта соңунда божомолдонгондой эле Бишкекке кар жаады. Соцтармактардын пайдалануучулары ишемби күнү чогулуп, кар урушун өткөрүүгө макулдашышкан.
"Кар уруш Түштүк дарбаза аймагында ишемби күнү болот. Дос-тааныш, ага-карындаш, ата-энелерибизди алып, кар урушууга жөнөйбүз", — деп жазышкан шаар тургундары.
Бул чакыруу Дайыр Асанов атындагы паркта 200гө чукул кишини чогултту. Интернет пайдалануучуларынын кар урушун Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөтүнө көрүүгө болот.

Ири кар согушу Дайыр Асанов атындагы паркта өттү

Катышуучулар алдын ала жакшы даярдыкта келишкен

Кар "курал-жарагы"

Катышуучулар топ-топко бөлүнүп "согушту"

Мээлегениң таамай тийсе кандай сонун...

Башка жесең андан бетер...

Кышкы оюндардын башкы атрибуту — кол кап менен жылуу кийим

Оюндан ысуулап кеткендер минтип чечинип алышты

"Согуш" эки саатка созулду

Коргонууну эч ким жоё элек

Аз жерден сүрөтчү менен камера да токмок жеп кала жаздады

"Согушууга" кыздар да даярданып келишти

Интернет-пайдалануучулар көбүрөөк кездешип турууну макулдашышты.